Өзбекстанда аялдарды Түркияга сойкулук үчүн жөнөтүп турган кылмыштуу топ кармалды

Автор -

Самарканд шаарынын эл аралык аэропортунда Түркияда сойкулукка кабылышы мүмкүн болгон аялдар кармалды.

Өзбекстан ИИМинин маалымат кызматы аялдарды сойкулук үчүн Түркияга жөнөтүп турган кылмыштуу топ 15-августта жүргүзүлгөн атайын операция учурунда кармалганын билдирди.

«Самарканд шаарыны Р.Б. аттуу жашоочусу пайда табуу үчүн Навои облусунан ишсиз, ажырашкан жана материалдык жактан жардамга муктаж үч аялды таап, аларга чет өлкөдө жумуш таап берүүнү убада кылып, Түркияга сойкулук үчүн жөнөткөн», – деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө.

Өзбекстандык аялдарды сойкулук иштерине тартууда ага Түркияда жашаган апасы жардам берип турган.

Учурда Навои облусунун Тергөө башкармалыгы тергөөгө чейинки иш-чараларды баштады.

Бөлүшүү