Кыргызстандык жеңил атлет Дарья Маслова дагы бир байге алды (Видео)

Автор -
204

Кыргызстандык жеңил атлет Дарья Маслова Индонезияда өтүп жаткан Азия оюндарында дагы бир медаль алды. Ал кыздар арасында 5000 метрге чуркоодо экинчи келип, күмүш медалга ээ болду. Спортчу Кыргызстандын эсебине 17-медалды алып келди.

Жарышта 1-орунду Бахрейндин өкүлү ээледи (15 мүнөт 8,09 секунд). Коло медаль дагы бахрейндик спортчуга буюрду.

Белгилей кетсек, спортчу буга чейин 25-августта Азия оюндарынын алкагында 10 000 метр аралыкка чуркоо боюнча мелдеште алтын медаль тагынган.