Кыргызстандык окуучу химия боюнча эл аралык олимпиадада жеӊүүчү аталды

Автор -
308

Кыргызстандык окуучу химия сабагы боюнча Париж шаарында өткөн эл аралык олимпиададан коло медаль утуп алды. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкектеги №9 мектептин 11-классында окуган Мирхад Чекирбаев IChO деп аталган 53-эл аралык олимпиададан өз билимин сынап көргөн. Мелдешке 84 өлкөдөн 330 окуучу катышканы айтылат.

Мындан сырткары, аталган олимпиадага Кыргызстандан Нурсултан Соодонбеков, Элмар Зикиров жана Бакай Шейитовдор катышып, сертификаттар менен сыйланган.

Бөлүшүү