“Айчүрөк” соода борборунда кардардын өлүмүнө шектелген жаран кармалды

Автор -

“Айчүрөк” соода борборунда 42 жаштагы кардардын өлүмүнө шектелген 25 жаштагы Б.у.Т. аттуу жаран ыкчам-иликтөө иштеринин жыйынтыгында кармалды.  Бул тууралуу Бишкек ШИИББнен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, маркум 1973-жылы туулган З.С. аттуу киши экени белгилүү болгон.

«Шектелүүчү “Айчүрөк”  соода борборунун сатуучусу. Учурда ал убактылуу кармоочу жайына киргизилди”, — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, каза болгон 42 жаштагы жарандын акыркы мүнөттөрү аталган мкеменин мобилдик телефон саткан жер төлөөсүндөгү видеобайкоого түшүп калган. 

28-августта «Айчүрөк» соода борборунун мобилдик телефон саткан жер төлөөсүндө 42 жаштагы киши набыт болгон. Анын денесинен көк ала тактар табылган.