Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 27-жылдыгына карата Бишкек шаардык мэриясы шаар тургундары жана коноктору үчүн майрамдык программа даярдады.
31-августта коомдук транспорт түнкү саат 01.00гө чейин иштейт. Коомдук тартипти Бишкек шаардык милициянын өздүк курамы көзөмөлдөйт.
Эртең мененки саат 10.00 – 12.00 — «Ала-Тоо» аянтында салтанаттуу иш-чаранын күндүзгү бөлүгү башталып, театралдаштырылган оюн-зоок жана концерттик программа өтөт;
19.00 — 22.00 — эстрада ырчылары катышкан кечки шоу-программа уюштурулуп, саат 23.00дө фейерверк менен аяктайт.
Ал эми, «Эмен» багында дзюдо, таэквандо, кыргыз күрөшү, эркин күрөш, грек-рим күрөшү, каратэ, ордо, тогуз коргол, шахмат, көркөм гимнастика, футбол, триатлон, оор жана жеңил атлетика, велоспорт, кол күрөш жана стол тенниси боюнча спорттук мелдештер өтөт.
Мындан сырткары, ар бир райондо иш-чаралар уюштурулат.