Майлуу-Суу шаарында кызмат учурунда токко урунуп, эки колу кесилген жоокер Руслан Сапарбаевге каражат чогултуу үчүн атайын эсеп ачылды. Бул тууралуу “Азаттык” жоокерге укуктук жардам көрсөтүп жаткан “Кылым шамы” уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасуловага шилтеме берип жазып чыкты.
Маалыматка караганда, эсеп “Элсом” электрондук капчыгынан, жабырлануучунун апасы Венера Сейталиеванын атына бекилди. Венера Сейталиеванын 0707 75 00 80 телефон номуруна чалып же 1030121100001856 эсебине акча которсо болот. Которулган каражаттар жоокердин дарылануусуна жумшалат.
Абдирасулова жоокер энеси менен чогуу батирде жашарын, үйү жоктугун, мамлекеттен турак жай өндүрүү маселеси да каралып жатканын билдирди.
Белгилей кетсек, 19-августта мөөнөттүү аскер кызматындагы С.Р., нөөмөт учурунда электр тогунун көмөк чордонуна кирген жана эки колунун манжаларын катуу күйгүзүп алган. Ал дароо Бишкек шаарындагы Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна которулуп ал жактан оң колу чыканакка чейин ампутацияланган.