Вьетнамдагы сел жана жер көчкүдөн 13 киши каза болуп, 3 киши дайынсыз жоголду

Автор -

Вьетнамда катуу жамгыр жаашы себеп болгон сел жана жер көчкүлөрдө 13 киши каза тапты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Thanh Hoa аймагында күчүн арттырган жамгыр сел жана жер көчкүлөргө жол ачты. 3 киши да дайынсыз жоголгон аймакта 364 үй зыян тартып, 6 миң 523 гектардык күрүч талаасы колдонулбай турган абалга келди.

Өлкөдө июнь айында башталган муссон жамгырларынан улам болгон сел жана жер күчкүлөрдө  150дөн ашуун киши каза болуп, 119 киши жараланды.

Бул мезгилде апаатардан улам 304 миллион долларга жакын чыгым болду.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү