Кечээ, 4-сентябрда Кырчын жайлоосунда Ош ордосу көчмөн элинин каада-салт, үрп-адаттарын таатыштырды.
Анда куда тосуп кыргыздын кудалашуудагы ырым-жырымдары көрсөтүлдү. Ошондой эле, каада-салт менен кыз узатып, күйө баланы тосуудагы шаан-шөкөт тартууланды.
Мындан тышкары, ырчылар өнөрлөрүн тартуулап, бийчилер чимириле бийлешти. Ага улай кыргыз жигиттери ыкчам боз үй тигишти.