Майлуу-Сууда ток урган жоокердин окуясы боюнча дагы бир кылмыш иши козголду

Автор -

Аскер кызматкери токко урунуп колунан ажыраган окуя боюнча дагы бир кылмыш иши козголду. Бул тууралуу maralfm.kg  «Кылым шамы» укук коргоо борборунун башчысы Азиза Абдирасуловага шилтеме берип жазып чыкты.

Анын айтуусунда, Кылмыш жаза кодексинин «Адамдын денесине оор зыян келтирүү» беренеси боюнча козголду. Мындан тышкары, “Шалаакылык” беренеси менен иш ачылган эле. Ал эми командирлерге айып коюлган эмес.

Белгилей кетсек, 22 жаштагы жоокер Руслан Сапарбаев 7-август күнү Майлуу-Суу шаарындагы №30295-аскердик бөлүктө бир күндүк нөөмөт учурунда электр көмөк чордонунун аймагына кирип токко урунган. Анын кесепетинен бир колунан ажыраган. 28-августта жоокердин экинчи колу да ампутацияланган.

Аскерге жардам берүүнү каалагандар үчүн атайын эсеп да ачылган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү