Атамбаев Кыргызстандын тышкы карызынын тегерегиндеги ушактар жөнүндө үн катты

Автор -
585

Экс-президент Алмазбек Атамбаев учурдагы Кыргызстандын тышкы карызынын тегерегиндеги ушактар жөнүндө үн катып, билдирүү таратты.

Төмөндө «SAAT.KG» маалымат агенттиги Алмазбек Атамбаевдин билдирүүсүн өзгөртүүсүз берет:                           

Өкүнүчтүүсү, биз бүгүн айтылган кеп көп учурда чындыкка таптакыр коошпогон заманда жашап атабыз. Саясатчы сөрөйлөр менен кошо айрым жазмакерлер эми карандай калп айткандан эч бир уялбай калышты. Интернет-басылмаларга көз чаптырсаң «Кыргызстанга дефолт жарыяласа болот», «Кыргызстан – сызга отурган мамлекет», — деген шумдук аталыштарды көрөсүң, анан да мунун негизги күнөөкөрлөрү катары экс-президент Атамбаев жана Атамбаев президент болуп турган мөөнөттө иштеген жетекчилер көрсөтүлөт.  Айтор, бир кезде өлкө үчүн жан үрөп, болгон күч-кайратын аябай иштеген адамдар эми минтип кылмышкер болуп чыга келишти, өлкөнү караңгылык менен сенектиктин сазынан сууруп чыккан долбоорлор болсо «ашка жүк, башка жүк» деген атка конууда.

Мага азырынча унчукпай эле коюуну көптөр айтышууда. «Бир аз убакыт өтсүн, баары ордуна келет, калптын бети ачылат, чындык адамдарга жетет» дешет. Бирок дүйнөдөгү, өлкөдөгү, аймактагы  кырдаалды иликтеп отуруп, жаңы технологиялар учурда «фейк» (жасалма, ойдон чыгарылган) жаңылыктар адамды канчалык адаштыраарын, акты кара, караны ак кылганын көрүп жатам. Мындай “оору” жалаң гана бизде эмес. “Фейк” жанылыктар проблемасы менен АКШ, Европа да алектенип жатышат.

Бүгүн саясаттагы кызыл кулактар Атамбаевдин тушунда тышкы карыз көбөйүп, 3 миллиард 800 миллион АКШ долларына жеткенин айтып кыйкырышууда. Бирок бул жерде алар, эгерде тышкы карыз доллар менен алганда 47,2%,га, сом менен алганда 115,4%га өссө да, номиналдуу ички дүң продукция сом менен 132,5%,га, доллар менен алганда 58,5%га.  өскөнүн таптакыр көргүсү жок.  Маалыматтарда 2018-жылдын февралында Россия бизге 240 млн. АКШ доллары карызыбызды кечкени эске алынган. Анткени бул жөнүндө макулдашууга 2017-жылы менин расмий сапарым убагында Москвада кол коюлган.

Дүйнө жүзү боюнча бардык жерде экономисттер мамлекеттик карыздын номиналдуу көлөмүнө эмес, Мамлекеттик карыздын ИДПга болгон катышына карайт – антпесе бул кадимки эле кызыл кулактыкка окшошуп калат. Же ИДПнын өсүшүнө башкалар жооп берип, карыздын өсүшүнө Атамбаев жоопкер болгонбу? Мамлекеттик карыздын өсүшүн салыштырмалуу көлөмдө эмес, абсолюттук түрдө, экономикалык өсүшү жок кароо – бул экономикалык анализ эмес, жалаң ушак имиштер менен жан баккан басма сөздүн кызыл кулактыгы. Алтургай, кредитти биз доллар менен алганыбызды, валюта курсунун баасынын массалык түшүп кетиши жана КМШнын бүткүл аймагындагы кризистик кырдаал тышкы карызды төлөөдө кыйынчылыктарды жаратса да, Кыргызстан сабаттуу жүргүзүлгөн кредит-акча саясатынын аркасы менен өзүнүн улуттук валютасынын курсун Мамлекеттик карыз/ИДПнын катышы ылдыйлагыдай тийиштүү деңгээлде кармап кала алды.

Булак: КРнын каржы министрлиги.

Атамбаев өлкөнү башкарууну колго алганда ИДП 220 миллион сом (4 млрд. 680 млн. АКШ доллары) жана ИДПнын 58% ын түзгөн тышкы карыз менен жана аны 493 млрд. сом ИДП (7 млрд. 144 млн. АКШ доллары) жана ИДПнын 53,8%ын түзгөн тышкы карызы менен өткөрүп берип кетти. Башкача айтканда, биз карыздын жүгүн 4%ызга ылдыйлаттык. Бирок бул мезгил аралыгында Кыргызстан тышкы жардамдардын эсебинен транспорттук жана энергетикалык инфрастуктураны өнүктүрүү багытындагы ири долбоорлорду ишке ашырган.

Жыйынтыгында Атамбаев президент болуп турган учурда мамлекеттик карыздын ИДПга карата катышы көбөйгөн жок, жалаң ылдыйлоонун үстүндө болду. Биздин өкмөттү «карызга жашайт» деп айып таккандардын эсине сала кетерим – Кыргызстан карызга Акаевдин учурунда гана жашаган, а кезде карыздын жүгү ИДПдан 100% жогору болчу. Акаевден айрымаланып, биз кредиттерди өлкөнүн өнөржайынын ойронун чыгарган PESAK сыяктуу программаларга алган жокпуз, кредитке австралиялык кочкорлорду да ага окшоп алган эмеспиз.

Булак: КРнын каржы министрилиги. 2017-жылкы сумма мамлекеттик карыздын Россия кечкен 240 миллион долларын эсепке алуу менен алынган, аталган карызды кечүү боюнча макулдашууга Атамбаев президент болуп турган мөөнөттө жетишилген.

Таблицага эскертүү: Таблицадагы тышкы карыз боюнча маалыматтар АКШ долларынан сомго, көрсөтүлгөн жылдын аягындагы сомдун курсу боюнча конвертацияланган. Мисалы, 2010-жылдын графасында 1 АКШ доллары үчүн 47 сомдогу курсту эсепке алуу менен, 2017-жылдагы тышкы карыз болсо, 1 АКШ доллары үчүн 69 сомдогу курсту эсепке алуу менен көрсөтүлгөн.

Дүйнөлүк Банктын GlobalEconomicForecasts болжолдоо отчетуна ылайык, Кыргызстандын экономикасынын өсүшү Борбор Азиядагы жана Чыгыш Европадагы орточо көрсөткүчтөрдөн жогору болмокчу. ИДПнын өткөн жылдарда өсүшү жана Дүйнөлүк Банктын анын келечектеги өсүшү туурасындагы болжолдору инвестициялардын инфраструктуралык долбоорлорго абдан туура тандалып алынганын тастыктап турат.

Кредиттер Кыргызстандын улуттук коопсуздугу үчүн башкы деп эсептелген ошол кездеги эки негизги көйгөй – энергетика жана жол маселесин чечүү үчүн алынган.

Мен премьер жана президент болгонго чейин аталган тармактар кандай абалда болгонун азыноолак эсиңиздерге сала кетейин. Өлкө качан караба, айрыкча кыш маалында,электр энергиясына абдан муктаж эле. Электр жарыгынын күн сайын мезгил- мезгили менен өчүрүлүп турушу кадыресе көрүнүш болуп калган. Турак-жайлар болобу, ишканалар болобу, тегиз өчүрө беришчү. Электр энергиясы жетишпегендиктен, Бишкекте жаңы курулуштарды куруу токтой баштаган. Өлкө боюнча турак үйлөрдөгү үч фазалуу электрди кырка башташканын биздин жарандар али унута электир. Айылдарда киши каза болгондо тургундар, жок дегенде маркумдун үйүндө жарык болуп турсун дешип электрикке пара берип күйгүзүп калышпады беле. Сиздер азыр ошондогудай жашоону каалайт белеңиздер?

Электрэнергиясынын таңкыстыгы бизди кошуна республикаларга күнкор кылып, газ берүү болсо таптакыр эле коркутуп-үркүтүүнүн куралына айланып калган эле. Коңшулар бизден тигини бергиле, муну бергиле деп догурунуп сурап калышкан, анын ичинде аймактык маселелерде да өкүмзордук кылуу күч эле.

Андан тышкары, «Датка» жана «Кемин» көмөкчү чордондорунун жана «Датка-Кемин» электр линиясынын курулушуна чейин Кыргызстан Токтогул каскадында өзү өндүрүп чыгарган электр энергиясына өзү ээлик кыла алчу эмес. Бул аз келгенсип, өзүбүздүн электр энергиябызды өлкөнүн түштүгүнөн түндүгүнө өткөрүү үчүн жылына 10-12 миллион АКШ долларын төлөп бергенге аргасыз элек. Кийин менин тушумда кошуналар транзитке жылына 30 миллион доллардан төлөөгө убакыт келди деген кепти кылтыйтышты. Башкача айтканда, бул маселелерди чечпесек, 20 жыл ичинде (бул Эксимбанк берген кредиттин мөөнөтү) биз өзүбүздүн электр энергиябызды транзиттөөгө эле 600 млн. АКШ долларын төлөп бермекпиз.

Мына ушундай оор шарттарда мен бардык күчтү жана ресурстарды өлкөнү электр менен камсыздоо маселелерин чечкенге жумшагам. Электрди толугу менен жетиштүү кылуу жана энергетикалык көз карандысыздыкка жетишүү милдети коюлган. (Бул маселени биз кандайча чечкенибизге жана Бишкек ТЭЦинин реконструкциясынын тегерегиндеги ушактарга кийинки макаламда токтолуп кетем.)

Өлкөнүн транспорттук, жол инфраструктурасы да энергетика тармагы сыяктуу эле кейиштүү абалда болчу. Жолдордун жоктугунан кошуналаш райондордо,  алтургай, өлкөнүн түштүгүндөгү айылдарда жашаган  адамдар бири бирине же райондун борборлоруна кошуна өлкөлөрдүн аймагы аркылуу каттоого аргасыз болуп калышкан. Шаарлар аралык да, ички жолдор да толугу менен талкаланып бүткөн эле. Областтар менен райондордун борборлорун айтпай эле коелу, алтургай, өлкөнүн борбор калаасындагы жолдордун деле абалы ушундай болчу.

Бүгүн Атамбаевдин башка долбоорлору сыяктуу эле «Түндүк-Түштүк» альтернативалык жолдун долбоорун да не деген ыпылас сөздөр менен аёосуз шыбап атышат. Бирок 6 миллион калкы бар өлкөгө анын эки бөлүгүн бириктирген жалгыз кан жолдун болушу абдан опурталдуу экени эч кимдин оюна келбейт. Биздин сейсмикалык жактан коркунучтуу болгон тоолуу аймагыбызда жайгашкан Төө-Ашууда, мисалы, жаратылыш кырсыгы жүз берчү болсо, ал өлкөнүн Түштүгү менен болгон байланышты бир нече жылдарга тыптыйпыл үзүп салат. Кудай сактасын, кырсык болуп тоннелден өтүп бараткан бензовоз жарылса, же азыркы мезгилде дүнүйөдө көнүмүш болуп бараткан террор актысы болсо, тоннел кыйрап, өлкө экиге бөлүнүп калат.

Айтор, ошо кездердеги кырдаал абдан татаал болчу. Мен Кыргызстандын бүткүл түштүк аймагына кантип газды бууп салышканын жана куралдуу чыр-чатак чыгарууга чагым жаратыш үчүн Кыргызстандын аймагына аскер күчтөрүн киргизишкенин эске сала кетким келет. Ошондуктан мына ошол кыйчалыш жагдайда: Кыргызстан энергетикалык жана транспорттук көз карандысыздыкка жетишүүгө тийиш деген бирден бир туура чечим кабыл алынган. Муну ишке ашырыш үчүн зарыл болгон финансы ресурстарын табуу керек болду. Ошондуктан биз кредиттерди жалаң энергетика менен жолдорго алганбыз. Албетте, кредит албай эле, алиге чейин жарыгы, жолу жок, экономиканы өнүктүрбөй, келечекти ойлоп да койбой отура берсек болмок. Ошо туура болот беле анда? Өлкөнүн айрым жетекчилери ушинтип да ой жүгүртүп жатышкандай.

Тышкы карыз өлкө коопсуздугуна коркунуч келтирбеш үчүн деги эмне кылыш керек? Жооп айдан ачык: экономиканы өнүктүрүш керек. Эгерде азыркы бийлик өзү турчу 6 жыл ичинде реалдуу да, номиналдуу да ИДПны кредити жок көбөйтө берсе, анда 6 жылдан кийин тышкы карыздын ИДПга болгон катышы болгону 23,35%ды түзөт. Бирок ал үчүн кадамды олуттуу ойлонуп, команданы чечкиндүү бирок жаратмандык иш-аракеттерге багыттоо керек. Ишти билген кадрларды колдоого алып, аларды коргоп, ишеним бериш керек. Мунун оңой-олтоң иш эмес экенин, буга чоң саясий эрк керек экенин өз тажрийбамдан жакшы билем.

Бүгүнкү өлкө жетекчилери экономиканы өнүктүрүү менен кошо, Атамбаевге окшоп чет өлкөлөр менен карыздарды кечиртүү боюнча, алардан техникалык жана материалдык жардам алуу боюнча иштеши керек.

Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн 2017-жылдын 1-майына карата берген маалыматтары боюнча мен премьерлик жана президенттик кылган мезгилдерде жалпы суммасы 2,9 млрд. АКШ доллары өлчөмүндө төлөмсүз гранттык жардамдарды алуу боюнча келишимдер түзүлгөн, анын ичинде:

Мамлекеттик инвестициялардын программасы алкагында (МИП) – 1млрд. 860 млн. АКШ доллары (анын ичинде 2017-2019 жж. – 160,8 млн. Доллары);

ФРГнын гранттык жардамы– 112 млн. евро же 133,6 млнАКШ доллары;

Эл аралык кызматташтык боюнча Корей агенттигинин гранттык жардамы – 26,4 млн. АКШ доллары;

КЭРдин гранттык жардамы – 316,3 млн. АКШ доллары;

Россиянын гранттык жардамы – 589 млн. АКШ доллары.

Ошондой эле Россия Федерациясынын Орус-Кыргыз Өнүктүрүү Фондунун уставдык фондуна салган 500 миллион АКШ доллары туурасында да эстете кетким келет, иш жүзүндө бул өлкө экономикасын өнүктүрүүгө акысыз берилген каражаттар болду. Ошол эле мезгилде 2017-жылдын аягына чейин биздин бюджетке Россиядан 50 миллиондон ашуун суммадагы гранттар, ошондой эле Кытай Эл Республикасынан Бишкектин жолдорун оңдоп түзөөгө кошумча гранттык каражаттар келип түшкөн. Айрым гранттар дагы бир нече жылдар бою келип турмакчы.

Бул маалыматтардын баарын эсепке алганда, өлкөгө мен жетекчилик кылган жылдар ичинде Атамбаевдин командасы Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн жана эл аралык финансы институттарынан жалпы суммасы 3,5 млрд. доллардан ашуун гранттык (төлөмсүз) жардамдарды тарта алганын көрүп турабыз.

Мындан тышкары, мен президент болуп иштеген жылдары Кыргызстандын тышкы карызын жоюу боюнча 554,4 млн. АКШ доллары суммасында макулдашууларга жетишилген. Анын ичинде:

Россияга болгон карыз — 488,9 млн. АКШ доллары;

Түркияга болгон карыз — 49,2 млн. АКШ доллары;

ФРГга болгон карыз — 14,8 млн. АКШ доллары;

Кытайдын Эксимбанкына карыз — 1,5 АКШ млн. доллары.

Бүгүнкү күнгө бул карыздардын баары жокко чыгарылган. Жогоруда аталгандарды эсепке алганда, мен жетекчилик кылган жылдар ичинде Кыргызстан 3,5 млрд. АКШ доллары суммасындагы төлөмсүз жардамдар тартылганы жана 550 млн. АКШ доллары суммасындагы карыздарды жокко чыгарууга жетишкенин көрүүгө болот.

Бул жалпысынан 4 млдр. АКШ долларынан ашуун каражаттар. Бул өлкөнүн 27 жыл ичинде чогулган бардык тышкы карызынан көптүк кылат.

Буларды айтуу менен мен дагы бир жолу бизге кыйын кезеңдерде жардам колун сунган достук алакадагы өлкөлөрдүн жетекчилерине, биринчи кезекте Россиянын президенти В.В. Путинге, КЭРдин төрагасы  Си Цзиньпинге, ФРГнын канцлери Ангела Меркелге, Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдоганга, Еврокомиссиянын төрагасы Ж.К. Юнкерге чын жүрөктөн чыккан ыраазычылыгымды билдирип кетким келет.

Мени айрым гезиттер ошол жылдары «тилемчи-президент» деп аташканы эсимде. Бирок энергетикалык кыйроого тушуккан, Бакиевдер тарабынан казынасы тонолгон, өзү жана уулу Максим тарабынан  банктардан чыгарып кеткен каражаттардан кол жууган, этникалык чыр-чатактар басыла элек, ошол чыр-чатактардан жабыркаган, оппозициясы бийликти алат элем деп түз эле кашаадан секирген, жолдор тынымсыз тосулуп, областтык администрациялар басууга алынган 2010-2013-жылдардагы Кыргызстанда — өлкөгө инвестиция тартып келүү жөнүндө сөз кылууга да мүмкүн эмес эле — өлкө өзүн өзү кыйраткан «араб жазынын» стандарттык сценарийи менен кетип бараткан. Атамбаев жана анын командасы ошол татаал жылдарда өлкөнү аман алып калыш үчүн, аны турукташтуруу учун  жетиштүү каражатт табаалабы деген маселе турган.

Биздин иш текке кеткен жок! Мен жетектеген жылдары Кыргызстан энергетикалык жана транспорттук көз карандысыздыкка жетишип, Дүйнөлүк Банктын классификациясы боюнча кедей өлкөлөрдүн катарынан чыкты жана кредиттик В рейтингине ээ болду, башкаларга өрнөк болоорлук парламенттик жана президенттик шайлоолорду өткөрдү. 2010-жылдагы эл аралык эксперттердин Кыргызстан «failedstate» — «мамлекет болбой калды» деген божомолу эң сонун эсимде. Ошондогу президенттердин бири кошуна мамлекеттерге Кыргызстанды үчкө бөлүп алууну сунуштаганын да эч качан унутпайлык. Бул кечээ гана, 8 эле жыл мурда болгон сөз!

Бүгүнкү күндөгү биздин жерлерди жана кендерибизди карызга алып коет деген имиштерди эске алып, бул маселеге өзгөчө токтоло кетким келет. Факты деген өжөр нерсе эмеспи! Сиздер көрүп турасыздар, мен өлкөгө жетекчилик кылган жылдары Кытай бизге грант катары эле 400 млн. АКШ доллары тегерегинде жардам бөлүп берген.

Байлыгы ашып ташкан батыштагы бай өлкөлөр жана финансылык институттар бизге каратып туруп эле далысын салып койгондо, биздин энергетикалык, транспорттук көз карандысыздыкка жетишишибиз үчүн жеңилдетилген кредиттерди бөлүп берген да так ушул улуу Кытай өлкөсү болгонун эске сала кетейин.

Ошондой эле Кытай менен биздин ортобузда Орус-Кыргыз Өнүктүрүү Фондунун үлгүсү боюнча фонд түзүү жөнүндө алдын ала макулдашуу болгон эле. Фонд түзүлгөндө Кытай бизге Россиядан кем эмес каражаттарды бөлүп бермек. Кытай Мозамбик, Йемен, Зимбабве сыяктуу жана башка өлкөлөрдүн миллиондогон карыздарын жөн эле жоюп салганын да эске сала кетким келет. Кытай Кыргызстандын да  1,5 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү карызын кечти. Бул башталышы гана болчу!

Кытайдын улуу лидери Си Цзинпиндин ушул жылдын апрелиндеги эки тараптуу жолугушуу учурунда мага айткан сөздөрүнө толугу менен кошулам. Ал: «Биз сиздерге чын дилибиз менен көмөктөшүп жатабыз. Анткени биз сиздердин өлкөңүздөрдүн гүлдөп өнүгүүсүн каалайбыз»,- деп айткан эле.

Сөз соңунда Чолпон-Атадагы ат майданы жана Тарых музейи өңдүү объектилерди куруп, реконструкциялоо үчүн карызга белчебизден баттык деп жазып аткан жалакорлор менен калпычыларга кыскача жооп берип койгум келет. Бул объектилердин баары, анын ичинде 1916-жылдагы үркүндүн курмандыктарына арнап курулган мемориал,  Ош шаарындагы көпүрө, күч түзүмүндо иштегендер үчүн турак –жайлар жана башка көптөгөн объектилер гранттардын эсебинен курулган, муну оңой эле текшерип көрсө болот. Анткени, бюджетте каралган программалык гранттардан тышкары биз жыл сайын дагы кошумча очойгон гранттарды алып келип жаттык. Албетте, мыйзам боюнча ал каражаттардын баары адегенде бюджетке чегерилип турган. Андан кийин биз жылына эки жолу өкмөттө жана парламентте бюджеттин киреше бөлүгүн жана тийиштүү түрдө чыгаша бөлүгүн да көбөйтүүгө оңдоп-түзөтүүлөрдү киргизип, кабыл алып турдук. Жогоруда айтылган объектилердин баары ушул кошумча гранттардын эсебинен курулган. Бул кезексиз гранттар жыл сайын бир нече миллиард сомго барабар болчу. Мисалы, тарых музейинин реконструкциясы Туркия өкмөтүнүн ТИКА уюмунун каражатына башталып, Россия берген гранттын эсебинен бүткөрүлгөн. Чындык ушундай!

3,5 млрд. доллар суммасындагы расмий гранттардан тышкары биз башка булактардан да көптөгөн каражаттарды тарттык. Мына мисалы, Газпром бүткүл өлкө боюнча ден-соолукту чыңдоочу спорттук комплекстерди курууга миллиондогон долларларды жумшады, азыр да жумшап жатат. Бишкек шаарында куруп жаткан эң заманбап мектептин курулушун айтпай эле коелу.

Кыргызстандын жаңы жетекчилигине биз 2011-2017-жылдарда иштегендей, жаңы инвестицияларды тартуу менен экономиканы өнүктүрүүнүн үстүндө иштөөгө эч ким жолтоо болгон жери жок. Бизге окшоп тышкы карызды азайтып, жойгонго жетишкиле! Бизге окшоп гранттарды алып келгиле! Экономиканы өнүктүргүлө! Коррупциянын накта башчылары менен күрөшкүлө! Бир эле факты: 2017-жылда биз коррупцияга каршы күрөштүн аркасы менен бюджетке 8,5 млрд. сомду кайтардык. Бул өлкөнүн ошол жылдагы бюджетинин тартыштыгынын жарымысынан көбүн жапкан сумма. Кулматов бажыны жетектеп турганда бажы салыктарын үч жылдын ичинде үч эсеге көбөйткөн. Бүгүн ал түрмөдө отурат, бажыны болсо көшөгө артындагы таасирлүү кожо – Раим-Миллион кайрадан башкарууда.

Иш билген  — жолун   табат, иш билбеген – шылтоо табат!

Бөлүшүү