Бишкек: «Ала-Тоо» аянтында 2 унаа сүзүшүп, 2 киши жаракат алды

Автор -

Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» аянтында 2 унаа сүзүшүп, кырсыктан айдоочу жана 1 жүргүнчү жаракат алды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, эртең мененки саат 9:30дар чамасында Чүй кең көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилишинде катталган.
Анда карама-каршы багытта келе жаткан Honda Fit жана Subaru Impreza үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Кырсыктан Honda Fit унаасынын айдоочусу жана жүргүнчүсү оор жаракат алып, ооруканага жеткирилди.

Учурда аталган окуя боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.