Ким Чен Ын Дональд Трамп менен жолугууга кызыкдар

Автор -

Дүйшөмбүдө АКШ Түндүк Кореяга байланыштуу бири-бирине каршы келген эки билдирүү жасады.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Сара Сандерс президент Дональд Трамп Түндүк Корея лидери Ким Чен Ындан «өтө жакшы» кат алганын, анда Пхеньян эки өлкө башчысынын жаңы саммитин өткөрүүгө кызыкдар экендиги жазылганын билдирди. Анын айтымында, Сингапурдагы жолугушуудан кийин Түндүк Корея тараптан өзөктүк куралды жок кылуу боюнча эч кандай аракеттер болбогонуна карабастан, Трамп өз аппаратына жаңы жолугушууга даярдануу буйругун берди.

Андан бир нече саат мурда АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча жардамчысы Жон Болтон америка-түндүк корея мамилелеринин учурдагы абалын «айласыз» деп мүнөздөгөн.

«Биздин эшигибиз ачык турат. Бирок Түндүк Кореяны ага киргизе албай жатабыз. Тактап айтканда, Пхеньян өзөктүк куралды жок кылуу боюнча эч кандай кадам жасаган жок. Биз Түндүк Кореядан дал ушундай кадамды күтүп жатабыз», — деди Болтон.

Өткөн айда Трамп стратегиялык диалогдо жылыш болбой жаткандыгын жүйө келтирип, мамлекеттик катчы Майк Помпеонун Пхеньянга боло турган сапарын токтоткон. Бирок жекшембиде АКШ президенти Түндүк Кореядагы парадда баллистикалык ракеталар көрсөтүлбөгөнүн жакшы көрүнүш катары баалады.

«Бул өтө жакшы белги. Төрага Кимге рахмат. Биз баарына алардыкы туура эмес экенин далилдейбиз. Бири-бирин жакшы көргөн эки адамдын диалогунан өткөн эч нерсе», — деп жазды Трамп «Твиттерге».

Ак үй ошондой эле Пхеньянда өткөн парад маалындагы транспаранттардын көбүндө өлкөнүн аскердик кубатын арттыруу жөнүндө эмес, экономикалык өнүгүү тууралуу жазылганын жакшы белги катары баалады.

Бөлүшүү