Швеция бийлиги: Гүлнара Каримова миллиондогон пара алган

Автор -

Гүлнара Каримованын бизнес-өнөктөштөрү калтырып кеткен мурас кагаздар Өзбекстандын биринчи президентинин кызы офшор компанияларга ээлик кыла турганын далилдөөдө. Бул тууралуу Каримовага 350 миллион өлчөмүндө пара берүүгө айыпталып жаткан Швециянын Telia компаниясынын эки менеджеринин иши каралып жаткан сотто прокурорлор билдиришти.

Иштин материалдарына ылайык, кезинде Каримова Өзбекстандын телекоммуникация тармагын толугу менен көзөмөлдөп турган. Прокуратура сотто анын жарандык никедеги мурдагы күйөөсүнүн жана дагы эки кишинин калтырып кеткен мурас кагаздарын көрсөттү. Анда банк эсептери, офшор компаниялар жана кыймылсыз мүлктөр болгон. Алардын үчөөсү тең мурас кагаздарында мураскер катары Каримованы көрсөтүшкөн.

Бул иш боюнча сот 14-декабрга чейин созулат. Швециянын Telia телекоммуникациялык компаниясынын мурдагы жетекчилерине карата өкүм 2019-жылдын январь-февраль айларында чыгарылат.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Өзбекстандын мобилдик түйүн базарына кирүү үчүн чет өлкөлүк компаниялар миллиондогон долларларды беришкен. Акчалар которулган компаниялардын эсептери Гибралтарда катталып, алар Өзбекстандын маркум президентинин кызына тиешелүү болгон.

Каримовага мекени Өзбекстанда дагы кылмыш иши козголгон. 2015-жылы августта Ташкент соту аны салыктарды жашыруу, уурдоо, опузалап акча талап кылуу жана офшор компаниялардагы документтерди жок кылуу фактысы боюнча беш жылга соттогон.

Бөлүшүү