Москвада мекендештерин тебелеген кыргызстандык Бекжан Сарбишев эки айга камалды. Бул тууралуу Москванын Кузьмин сотунун чечими чыгарылды.
Белгилей кетсек, Бекжан Сарбишев карындашына тийишкен балдарга жинденип, аларды унаасы менен атайын сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 11 киши жаракат алган. Алардын 10у кыргызстандыктар. Алган жаракатынан улам 1 киши каза таап, дагы 4өө оор абалда жатат.
Орусиялык телеканалдарда берилген маалымат боюнча ал 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.