Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын ЖМК жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн билдирүүсү боюнча 2018-жылдын 11-сентябрында Ош облусунун Чоң-Алай районунун Сары-Таш айылында чек ара режимин бузгандыгы үчүн Өзбек Республикасынын 6 жараны кармалган.
Чек ара кезмети тиешелүү документтери жок чек ара зонасынан өтүүгө далалат кылган өзбекстандыктарды кармашкан.
Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик жөнүндө Кодесине ылайык кармалгандар айып тартышкан.