Бакиров: Социалдык маселелер өлкөнүн экономикасын көтөрмөйүнчө чечилиши кыйын

Автор -

Депутаттар такай көйгөйлүү маселелерди көтөрүп келет. Ар бир депутаттын айткан сөзүнүн артында социалдык маселелер турат. Ал маселелер өлкөнүн экономикасын көтөрмөйүнчө, анын ичинде өндүрүш тармагын өнүктүрмөйүнчө чечилиши кыйын. Тилекке каршы, Өкмөт, анын тийиштүү органдары тарабынан аларга анчалык көӊүл бурулбай жатат. Бул тууралуу депутат Мирлан Бакиров Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

«Мисалы, көмүр тармагын эле алалычы. Бизде 70 жерде 2 млрд 300 млн тонна көмүрдүн кору бар экен. Ал эми жылына 2 млн тонна гана көмүр өндүрүлөт. Ушу кантип болсун. Мына, Өзбекстан айына 140 миӊ тонна көмүр сураса, аны аткара алган жокпуз. Демек, айына 250 млн сом каражаттан куржалак калып отурабыз. Эмне үчүн мындай десек, вагон жок дешет. «Кыргызкөмүр» ишканасы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, 200 вагонду ижарага алса болбойбу?», — деген собол салды, Мирлан Бакиров.

Депутат мыйдай көйгөйлүү маселелер арбын экенин белгилеп, Өкмөттү ушундай маселелерге жакшылап көӊүл буруп, тийиштүү чараларды көрүүгө чакырды.