Рыскелди Момбеков : Абылгазиевдин англис тилинде сүйлөгөнү өкмөткө эмес, өзүнө жакшы

Автор -
1940

Бүгүн, 13-сентябрда Жогорку Кеӊештин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков Казакстанда болгон конгрессте Кыргызстандын өкмөтү орусиялык ишмер Андрей Бельянинов тарабынан сынга кабылганын айтып чыкты.

«Казакстанда болуп өткөн конгрессте орусиялык ишмер Андрей Бельянинов кыргыз өкмөтүн сындады. Сындады десем сылык болот алар бизди басынтты. Бирок биздин өкмөттөн эч кандай жооп болгон жок. Ал «Кыргызстандын өкмөтү алмаша берип, биз адаша берип, окута берип чарчадык. Акча берейин десеӊ долбоору жок. Түшүндүрөйүн десек түшүнүгү жок түркөйлөр иштейт» деди. Эгер Өкмөттүн ар намысы, кадыр баркы болсо өзү жооп бермек»,-деп билдирди Момбеков.

Ошо менен бирге депутат Өкмөт башчынын Көчмөндөр оюндарында англис тилинде сүйлөгөнүн сынга алды.

«Англис тилинде сүйлөгөнү өкмөткө эмес, өзүнө жакшы. Эл үчүн англис тилинде эмес, эне тилинде сүйлөгөн Өкмөт керек. Эл үчүн экономиканын тилин билген премьер-министр керек»,-деп айтты эл өкүлү.