Ысык-Ата районунун аскер комиссариатынын кызматчысы пара менен кармалды (Видео)

Автор -

Финансы полициясы Ысык-Ата районунун аскер комиссарынын орун басары тарабынан пара талап кылуу фактысын аныктады.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 10-сентябрында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка (Финансы полициясы) “В.К.” аттуу жаран Ысык-Ата райондук аскер комиссариатынын кызматчысы өзүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, анын (ден соолугунун абалы боюнча кызмат өтөөгө жараксыз болгон) уулун аскер кызматына чакырам деп коркутуп, 25 миң сом суммадагы акча каражатын талап кылгандыгы тууралуу арызы менен кайрылган.

ЭККМКнын чогултулган материалдары боюнча Аскер прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси 2-б. (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 313-беренеси 2-б. (пара талап кылуу) каралган кылмыштардын белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, 2018-жылдын 12-сентябрында козголгон кылмыш ишинин алкагында ЭККМКнын кызматкерлери Ысык-Ата райондук аскер комиссариатынын аскер комиссарынын орун басары “Б.Д.” деген жаранды өзүнүн иш бөлмөсүндө пара алып жаткан жеринен кармашты.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү