Акаев: Маркум Эгизбаев иликтеп кеткен коррупциялык иштер аягына чыкпай жатат

Автор -

Бүгүн, 13-сентябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Жанар Акаев журналист Уланбек Эгизбаев көзү тирүү кезинде көрсөтүп, иликтеп кеткен коррупциялык иштер аягына чыкпай жатканын айтып чыкты.

«Маркум Уланбек “көрүстөн саткан көпөстөрдү” тизмелеп, факты менен көрсөтүп берди. Ошол убакта телефон аркылуу коркутулуулар да болгон. Элдин төбө чачын тик тургузган музейдеги коррупцияны биринчи болуп Улан Эгизбаев алып чыккан. Күзөтчү отурган отургучтун баасы 100 миң сом экенин, ал жердеги жыгач устундун баасы 600 доллар менен сатылганын Улан факты менен көрсөтүп бербеди беле? Ошол боюнча кимдер камалды, кимдер жоопкерчилик алды? Ушунун баарын өкмөт унутуп калат деп ойлойбу, дагы деле жооп жок. Улан Эгизбаев “Кыргыз темир жолу” ишканасындагы кейиштүү абалды тартып, коррупциялык схеманын бетин ачты эле. Бирок үй-бүлөсү менен башкарып жаткан көпөстөр камырабай иштеп жатпайбы?»,-деп бидирди

Журналист Уланбек Эгизбаев быйыл 22-июлда Ысык-Көлдө эс алып жүргөн кезде каза болгон.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү