Өзбекстанда сойкулукка айыпталган кыздын туугандары эл алдында уяткарылды

Автор -
223

Өзбекстандын Термез шаарында жергиликтүү бийлик сойкулукка айыпталган 18 жаштагы кыздын апасын жана үч тууганын калаанын борбордук аянтында тизе бүктүрүп, эл алдында уяткарганы айтылууда.

“Азаттыктын” өзбек кызматы кабарлагандай, кыздын апасы жана эки таежеси шаар башчысы, милиция жетекчиси жана прокурордон эл алында маскара кылбоону суранган. Бирок бийлик өкүлдөрү буга көнгөн эмес.

Термез шаарынын көпчүлүк жашоочулары аткаминерлердин бул жооругуна нааразы болууда.

“Биринчиден, 18 жаштагы кыздын апасынын күнөөсү жок. Экинчиден, ал кыздын күнөөсү сот тарабынан далилдене элек. Эгер Термезде сойкулук менен алектенген кыздардын саны өсүп жатса, буга аймактагы жумушсуздук себепкер. Бийлик аялдарды уяткаргандын ордуна, алардын көйгөйлөрүнө көңүл бөлсө жакшы болмок”, – деди шаар тургундарынын бири.

Термез шаарынын элдик билим берүү бөлүмүнүн башчысы Малохат Холлиева 18 жаштагы кыз сойкулукка гана эмес, шаардык оорукананын медайымын сабоого да шектелип жатканын билдирди.

«Беш кыз мас абалында медайымды сабаган. Биздин райондун акими өтө маданияттуу киши, ал шаарда болуп жаткан ар бир терс көрүнүшкө бушайман болууда. Калаада чынында адепсиз жүрүм-турумга ээ кыздардын саны көбөйдү. Андыктан жыйында шаар башчысы бул абалга карата өз тынчсыздануусун билдирген. Бирок эч ким эл алдында уяткарылган эмес», – деди Малохат Холлиева.

Термез шаарынын 18 жаштагы тургунуна жана анын төрт досуна карата медайымды сабоо боюнча административдик иш козголгону белгилүү болду.