Абдышүкүр Нарматовдун үйүнө уурулукка кирүүгө шектелгендердин бири кармалды (фото)

Автор -

Абдышүкүр Нарматовдун үйүнө уурулукка кирүүгө шектелгендердин бири кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, август айында Ысык-Көл облусунун аймагында милиция кызматкерлери Б.Ы. аттуу 25 жаштагы жаранды кармашкан. Ал буга чейин каракчылык, уурулук, бейбаштык, баңгизаты үчүн соттолгон.

Эске салсак, май айынын башында Аламүдүн районунун Көк-Жар айылында эки белгисиз адам тоноо максатында Нарматовдун короосуна кирип, унаанын терезесин сындырып, 6 миң сом жана документтерди уурдап кетишкен.

Аталган факт боюнча «Каракчылык» жана «Уурулук» беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон.