Кыргызстан Казакстанга нота жиберди

Автор -
271

14-сентябрда Казакстандын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Карим Кокрекбаев Тышкы иштер министрлигине чакыртылып, нааразылык нотасы тапшырылды. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы саясат мекемеси кабарлады.

Маалыматка караганда, буга «Алматы эл аралык аэропортунда кыргыз жарандарынын системалуу түрдө текшерүүгө алынып жатканы» себеп болду.

«Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тарап Казакстандын компетенттүү органдарынын аракеттерине тынчсыздануусун билдирип, казак элчисине ТИМдин тиешелүү нотасын тапшырды», — деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.

Аэропорттогу текшерүүлөргө байланыштуу Кыргызстан ТИМи быйыл майда дагы Казакстанга нааразылык нотасын жөнөткөн. Анда Астана текшерүүлөр «эл аралык террордук уюмдардын мүчөлөрү менен жардамчыларын аныктоо иштерине байланыштуу» экенин билдирген.

Буга чейин кыргызстандыктар Алматы аэропортунда түрдүү шылтоолор менен суракка алынып, жеке маалыматтары менен мобилдик телефондорунун IMEI-коддорун жазып алып жатышканына бир нече жолу даттанышкан.

Бөлүшүү