Рязань облусунда кыргызстандык жүргүнчүлөрү бар кичи автобус кырсыкка кабылды

Автор -

Рязань облусунда кыргызстандык жүргүнчүлөрү бар автобус кырсыккка учурады. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка болгондой, айдоочу рулду башкара албай калып, мамыны сүзүп токтогон . Кырсыктын кесепетинен 1 жүргүнчү каза болуп, 5 адам жаракат алган.

Кыргызстандык жүргүнчүлөрү бар автобус Самарадан Москваны көздөй бет алган. Автобустун ичинде 8 кыргызстандык жаран болгон.

Учурда кырсыктан каза болгон жана жаракат алгандардын аты-жөнү такталууда.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү