Түркияда кыргызстандык кыздарды сойкулукка мажбурлаган адамдар кармалды (Видео)

Автор -
428

Түркияда сойкулук үчүн көмүскө жай уюштурган деген шек менен 14 адам кармалды.  Бул тууралуу Haberler басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, алар кыргызстандык жана өзбекстандык кыздарды сойкулук менен алектенүүгө мажбурлашкан.

Полиция кызматкерлери Анталия жана Манавгат шаарларында шектүүлөрдү кармоо операциясын жарыялап, Анталияда 9 шектүү — 3 аял киши жана 6 эркек адам кармалды.  Ал эми экинчиМанавгатта азербейжандык З.Севкозиева жана Г.Мамажанова мейманканалардын биринин ээси менен көмүскө жай уюштуруп, кыргызстандык жана өзбекстандык кыздарды сойкулук менен алектенүүгө мажбурлашкан.

Полиция кызматкерлеринин иш аракетинен кийин 10 аял, алардын ичинен жетөө чет элдиктер сойкулуктан куткарылды. Чет элдик кыздар мекенине депортациялоо үчүн Анталиядагы тиешелүү кызматка өткөрүлүп берилди.

Картинки по запросу Antalya Antalya'da Fuhuş Operasyonu 9 Tutuklama