Бүгүн, 19-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан депутат Исхак Масалиев УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин үстүнөн кылмыш иши козголушу керектигин айтып чыкты.
«УКМКнын мурдагы төрагасы биздин алдыбызга жалган маалымат берип жаткан экен. Расмий түрдө алынбаган кагазды көрсөтүптүр. Бул жерде кылмыш көрүнүп турат. Сегизбаевдин үстүнөн кылмыш ишин козгош керек. Жок дегенде Жогорку Кеңешке калп маалымат берген үчүн Башкы прокуратура бир факты боюнча жыйынтык чыгаруусу зарыл», — деди Масалиев.
Башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшембиев учурда кошумча текшерүү ишин жүргүзүп жатканын айтты.