Саясатчы Садыр Жапаровду сотто деп «Ак үйдөн» көрсөтмө болгонбу?

Автор -

Бүгүн, 19-сентябрь Жогорку Кеӊеш Жогорку соттун судьялыгына талапкерди кароодо. Жыйындын жүрүшүндө депутат Жанар Акаев Жогорку соттун судьялыгына талапкер Жаңыл Мамбеталыдан камактагы саясатчы Садыр Жапаровду сотто деп «Ак үйдөн» көрсөтмө болгон, болбогонун сурады.

«Садыр Жапаровду 11 жылга кескени үчүн тартип комиссиясынан эскертүү алгансыз, туурабы? Мен сизге бир гана суроо берем. Чын айтсаңыз сизге «макул» деп добуш берем, алдасаңыз «каршы» деп добуш берем. «Садыр Жапаровду соттойсуң!» деп «Ак үйдөн» көрсөтмө болгонбу? Манас Арабаев сизге салам айттырды беле?», -деди Акаев.

Жаңыл Мамбеталы «Ак үйдөн» көрсөтмө болбогонун, мыйзамдын негизинде гана чечим чыгарылганын билдирди.

Эске салсак, Садыр Жапаров 2013-жылы 7-октябрда Каракол шаарында «Кумтөр» боюнча нааразычылык акциясындагы баш аламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, 2017-жылдын 25-мартында Кыргыз-Казак чек арасынан кармалып, камакка алынган.

2-августта Жапаров Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Райондук соттун өкүмүн Бишкек шаардык соту да күчүндө калтырган.