Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Ирина Карамушкина менен Алмамбет Шыкмаматов кайым айтышты.
Депутат Шыкмаматов УКМКнын төрагасы менен башкы прокурорду чакырып, Алмазбек Атамбаевдин учурунда ачылган коррупциялык иштер боюнча маалымат угууну сунуш кылды. Бул сунушка Карамушкина төмөнкүдөй жооп берди.
«Алмазбек Атамбаевдин тушунда коррупциялык иштер туура ачылган, айрымдары кутулуп кетти. Мен да төрагага башкы прокурорду жана УКМКнын төрагасын чакырып коррупция боюнча козголгон кылмыш иши боюнча маалымат угууну айткам. Мисалы, Кубанычбек Кулматов КСДПнын мүчөсү, биз тынч эле тергөөнүн жыйынтыгын күтүп жатабыз», — деди Карамушкина.
Ал эми Ата Мекен фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов: «Мыйзамдуулук, адилеттүүлүк боюнча маселе көтөрүлгөндө дайыма сиз жаңжал чыгарасыз. Сиздей депутаттардын айынан бийлик жолдон адашкан. Атайын адилеттүүлүктү көрмөксөн болуунун кереги жок», — деп жооп кылды.