Жогорку Кеңештин жалпы жыйында өкмөттүк аппараттын жетекчиси, юстиция министри, Ɵнѳр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин тѳрагасы кызматтарына талапкерлер каралып жатат.
Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев юстиция министри кызматына Марат Жаманкуловдун, өкмөттүк аппарат жетекчилигине Шамилбек Асымбековдун, Ɵнѳр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин тѳрагалыгына Эмил Осмонбетовдун талапкерлигин сунуштады.