Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Ирина Карамушкина премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевден Баткен облусундагы Зардалы айылына барып келүүсүн суранды.
Ирина Карамушкинанын айтымында, Зардалы айлынын тургундарынын жашоо-шарты абдан оор. Жергиликтүү тургундар таза суусуз жашап жатышканын айтып чыкты.
«Зарыл ишиң болбосо, Зардалыда эмне бар?” деген сөздүн маанисин эми түшүндүм. Ал жерде биздин жарандар электр жарыгы, байланыш жана радио-теле байланышы жок жашап жатышат. Бүгүн мен сизге түздөн түз кайрылып жатам Мухаммедкалый Дүйшекеевич. Мен аял башым менен ал жакка барган соң, сиз дагы бара аласыз. Эгерде сизди эл сыйласын десеңиз октябрдын аягына чейин барып, элдин муңун угуп келиңиз», —деди Карамушкина.