Пакистандын экс-премьери күрөөгө бошотулду

Автор -

Быйыл июлда коррупцияга айыпталып он жылга соттолгон Пакистандын мурдагы премьер-министри Наваз Шариф 19-сентябрда Равалпинди шаарындагы абактан күрөөгө чыгарылды.

Мындан тышкары Исламабад сотунун чечими менен саясатчынын кызы Марьям Наваз менен күйөө баласы Мухаммад Сафдар дагы бошотулду.

Буга чейин сот 500 миң рупий (4 миң доллар) күрөө төлөгөндөн кийин үчөөнү тең эркиндикке чыгаруу чечимин кабыл алган. Кийинчерээк үчөө тең аэропортко жеткирилгени кабарланды.

Апелляциялык угууларга чейин Наваз Шариф менен туугандарын күрөөгө бошотуу тууралуу сот чечимин Исламабаддын Жогорку соту кабыл алды.

Бөлүшүү