Бишкектин айрым көчөлөрүндө жарык өчүрүлөт

Автор -

Бишкек шаарында бүгүн, 22-сентябрда оңдоо иштерине байланыштуу айрым көчөлөрүндө жарык өчүрүлөт. Бул тууралуу «Түндүк электр» ишканасынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, төмөнкү көчөлөрдө жарык өчөт:

Саат 13.00дөн 18.00гө чейин Саратов, Курманжан датка көчөлөрүндө;

Саат 9.00дөн 13.00гө чейин Салиева көчөсүндө;

Саат 9.30дан 19.00гө чейин «Бакай-Ата» конушунда, Ак-Бата конушунда жана Көк-Жар конушундагы төрт көчөдө;

Саат 9.00дөн 17.00гө чейин Достук кичи районундагы №9А үйүндө;

Саат 9.30дан 18.00гө чейин Жеңиштин 50 жылдыгы, Мусулманкулов көчөсүндө;

Саат 9.00дөн 18.00гө чейин Кара-Жыгач конушундагы Багыш көчөсүндө, Чүй проспектисиндеги №127 үйдө, Лущихина, Каховская, Манас, Можайский, Щербаков, Кызыл-Кыя жана Витебск менен Клинский туюк көчөлөрүндө жарык берүү убактылуу токтотулат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү