Ош шаарында жер титирөө катталды

Автор -

Ош облусунун аймагында бүгүн, 22-сентябрда саат 04:57де жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жер титирөө Кара-Суу районунун Отуз-Адыр, Кашкар-Кыштак, Нариман, Кара-Суу айылдарында 3,5 баллга, Мады, Каратай, Кызыл-Ордо айылдарында жана Ош шаарында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок

Бөлүшүү