Сарыбашов Төрөкан Багынбай уулу менен Акжол Махмудовго акчалай сыйлык тапшырды

Автор -
204

Бүгүн, 22-сентябрда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Индонезияда өткөн Жайкы Азия оюндарында жиу-житсу боюнча алтын байгени уткан Төрөкан Багынбай уулуну жана грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасында өткөн Дүйнө биринчилигинде коло медалды жана Азиадада күмүш медалды багындырган Акжол Махмудов менен жолугушту.

Жолугушууга спортчулардын машыктыруучулары, жакындары жана спортчулар да чакыртылган. Сарыбашов спортчуларды жеңиштери менен куттуктап, Төрөкан Багынбай уулуна 100 миң сом, Акжол Махмудовго 50 миң сом тапшырды.

“Спорттун тарыхында спортчулар өз мамлекетин дүйнө жүзүнө таанытып келишкен. Ошондуктан өлкөбүздү дүйнөлүк аренага алып чыгуу үчүн спортту өнүктүрүүгө басым жасоо зарыл. Биздин милдет спортту колдоо, өнүктүрүү жана биздин спортчуларыбыздын эл аралык, республикалык таймаштарда мыкты көрсөткүчтөргө жетишишине ыңгайлуу шарттарды түзүү. Силердин жеңишиңерди бүтүндөй кыргыз эли күтүп, сыймыктанды. Бул силерге чек эмес болсун. Мындан ары көптөгөн бийиктиктерди багындыргыла. Биз силерди ар тараптан колдоого дайым даярбыз. Спортчу жеңип келгенде гана эмес, башка убакта да колдошубуз керек”,-деди шаар мэри.