Дүйнө чемпиондугунда Кыргызстандык кикбоксчулар 6 медаль утуп алышты

Автор -

Кыргызстандык кикбоксчулар жаштар арасында өткөн дүйнө чемпиондугунда 6 медаль утуп алышты. Бул тууралуу Кикбокс федерациясынан билдирди.

Мелдеш Италиянын Венеция шаарында өтүп, Кыргызстандан 9 спортчу катышып, кикбоксчулар 1 күмүш жана 5 коло утуп алышты.

63 килограммга чейинки салмак ченинде Чыңгызхан Алмазбек уулу күмүш медалдын ээси болду. Ал эми Азиз Бийхуров, Арлет Бакытбек уулу, Мирбек Касымов, Саид-Али Хисаметдинов жана Рустам Эшмаматовдор коло медалдарды тагынышты.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү