Талас облусунда 25 жаштагы келинди өлтүргөнгө шектелген жаран кармалды

Автор -

Талас облусунда 25 жаштагы келинди бычактап, өлтүргөнгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Талас ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шектүү жаран кармалып, Талас шаарынын ички иштер бөлүмүнө алынып келинген.

«Шектүүнүн ким экендиги жана окуя тууралуу маалымат алгачкы сурактан кийин гана белгилүү болот. Кошумча маалыматтар дагы да берилет», — деп айтылат маалымат.

Белгилей кетсек, Талас облусунда 25 жаштагы келин бычакталып каза болгон.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү