АКШ бийлиги Сирияда иштеген орус жана иран компанияларына карата санкция киргизиши мүмкүн. Дональд Трамптын администрациясы тиешелүү планды даярдоодо. Бул тууралуу NBC News телеканалы өз булактарына таянуу менен билдирүүдө.
Санкциялар биринчи кезекте Сирияны калыбына келтирүү менен алектенген компанияларды бутага алышы мүмкүн. АКШ мындан тышкары иран жана орус аскерлери жайгашкан райондорду кабылына келтирүүгө акча бөлүүдөн да баш тартышы мүмкүн.
Күн мурун Вашингтон «Ислам революция сакчылар корпусуна» жардам берет делген Ирандын 20 компаниясына карата санкция киргизди. Мындан тышкары АКШ Каржы министрлиги кошуун балдарды Сирияда жоокер катары пайдаланып жатат деп айыптады.
Буга чейин АКШ мамлекеттик катчысы Майк Помпео Иран колдогон аскерлер өлкөдөн кетмейинче, Сирияга бир доллар да берилбей турганын билдирген.