Өзгөн районунда жол кырсыгынан 4 адам жабыркады

Автор -

ӨКМдин маалыматына ылайык, кечээ, 16-октябрь күнү саат 10:48де Жазы айыл аймагынын Жеренчи айылында  “Хонда СРВ”  үлгүсүндөгү унаанын дөңгөлөгү жарылып, унаа жолдон чыгып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 4 адам женил жаракаттарды алышкан.

КР ӨКМнин №53 Өрт-куткаруу бөлүмүнүн  куткаруучулары тарабынан жаракат алгандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, райондук ооруканага жеткирилген.