Бишкекте Бириккен Улуттар Уюмунун күнү белгиленет

Автор -
559

27-октябрда саат 11:00дөн 17:00гө чейин «Дордой Плаза-2» соода борборунда Бириккен Улуттар Уюму  тарабынан уюштурулган иш-чара өтөт.

Иш-чаранын алкагында Туруктуу өнүгүү максаттары, аларга жетүү боюнча жалпы аракеттер, БУУнун ишмердүүлүгү жана жыйынтыктары тууралуу маалымат алуу  мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

БУУ күнүнүн программасына эко-технологиялардын презентациялары, түрдүү продукциялардын көргөзмөсү, мастер-класстар (мисалы, биринчи жардам көрсөтүү жана шилекей аркылуу ВИЧ аныктоо тесттери) жана балдар үчүн конкурстар жана башка иш-чаралар каралган. Аталган иш-чаранын негизги максаты – ар бир жаран Туруктуу өнүгүү максаттарга жетүүдө кандай салым кошо алаарын көрсөтүү.

2015-жылдын 25-сентябрында БУУга мүчө мамлекеттер 2030-жылга чейин туруктуу өнүгүү жаатында күн тартибин кабыл алышкан. Ал жакырчылыкты жоюуга, планетанын ресурстарын сактоого жана бардык жарандар үчүн бакубат турмушту камсыздоого багытталган бир катар максаттарды камтыйт. 17 максат 2030-жылга чейин жетүүгө тийиш болгон бир катар көрсөткүчтөрдөн турат.