Бүгүн Ош шаарында таза суу берүү убактылуу токтотулат (тизме)

Автор -
316

Күзгү-кышкы оңдоо иштерине байланыштуу Ош шаарында 23-октябрь күнү саат 24:00дөн баштап 25-октябрь күнү саат 24:00гө чейин таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма-сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык,  Ош шаарынын «Курманжан Датка», «Манас Ата», «Туран» аймактык кеңештеринен, «Достук» кичи районунан жана «Калинин» аймагынан башка жерлерде таза суу өчүрүлөт.

Суу чарба башкармалыгы шаардыктарга бир суткага жете турган сууну камдап алууну эскертет.

Бөлүшүү