Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы “Сары-Кыр” ашуусунан аша албай калган чабандарга жардам берилди. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 18-октябрда Көк-Ирим айыл аймагына караштуу “Алакан” жайлоосунда калың жааган кардын кесепетинен 8 чабан 2200 баш кой менен ашуудан аша албай калгандыктарын билдиришкен.
Кечээ, 22-октябрда куткаруучулар чабандарды мал жандыктары менен ашуудан өтүшүп, Сузак районуна караштуу Үрүм-Баш тилкесине аман эсен жеткирилген.