Кадамжайда алтын кенин иштетүүгө каршы митингге чыккандарды милиция кызматкерлери кармап кетишти (Видео)

Автор -

Баткендин Кадамжай районундагы Майдан айыл өкмөтүндө жайгашкан Шамбе-Сай алтын кенин иштетүүгө каршылык акциясына чыккан элди милиция кызматкерлери кармап кетишти.

Милиция кызматкерлеринин кармап кеткени тартылган видео Фейсбук социалдык тармагына жарыяланып кетти.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ  Шамбе-Сай алтын кенин иштетүү үчүн топурак менен сууну текшерүү үчүн адистер барганда болгон.

Белгилей кетсек, Майдан айыл өкмөтүндө жалпы 13 айыл бар жана анда 12 500дөй адам жашайт.

Шамбе-Сай кенинде болжол менен сегиз тоннадай алтын бар. Кенди чалгындоо 2007-жылы башталып, 2012-жылы аны казууга лицензия берилген.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү