Казакстан Кыргызстанга 10 миң тонна бензин экспорттойт

Автор -

Казакстан Кыргызстанга 10 миң тонна бензин экспорттойт. Бул тууралуу Казакстандын Энергетика министри Канат Бозумбаев билдиргенин КирТАГ жазып чыкты.

«Кыргызстанга документ даярдап, жөнөттүк. Эки үч жуманын ичинде бензин экспорттоо боюнча маселе чечилип калат. Азырынча 10 миң тонна экспорттоп туралы деп жатабыз. Баасы болсо АИ-92 150-152 тенгени түзөт. Учурда бизде бензин жетиштүү, дефицит болбойт», — деди К. Бозумбаев

Мурдараак Казакстандын Энергетика министрлиги ноябрда бензин экспорттой тургандыгын, алгачкылардан болуп Кыргызстанга сата турганын маалымдаган болчу.

Буга байланыштуу Казакстан менен Россия нефт жана нефт продукцияларын жеткирүү боюнча келишимге өзгөртүү киргизген.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү