Бишкек-Ош унаа жолунунун 165-чакырымында (Суусамыр жайлоосунда) жол кырсыгы катталып, 2 адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, 24-октябрь күнү саат 02:40да болгон. Анда “Фура” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа менен “Тойота Ленд Крузер” үлгүсүндөгү унаа кагышкан. Жол кырсыктын кесепетинен “Тойота Ленд Крузер” үлгүсүндөгү унаасынын айдоочусу жана жүргүнчүсү каза болгон.
КР ӨКМнин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик болборунун куткаруучулары каза болгон адамдардын сөөгүн унаадан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.