Адам укугуна кызыккан депутат аз (Видео)

Автор -

Акыйкатчыга арыз менен кайрылгандардын басымдуу бөлүгү сотторго нааразы. Бул тууралуу акыйкатчы Токон Мамытов 24-октябрда парламентте билдирди. Жогорку Кеңеш анда акыйкатчынын 2016-2017-жылдагы иши тууралуу баяндаманы укту. Жалпы жыйында 20га жетпеген гана депутат отурду, башкы прокурор, тиешелүү министрлик, мамлекеттик органдардын башчылары келген жок.