Депутат: Эмгек маяналардын көлөмүндөгү чоң айырмачылыктарды иликтеп, теңдештерүү зарыл

Автор -

Бүгүн, 25-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынындагы “Ар кыл маселелер” саатында айлык акылардын ортосундагы чоң айырмачылыктар боюнча маселе көтөрүлдү.

Депутат Максат Сабиров буга чейин бир катар кесиптештеринин эмгек акы боюнча көтөргөн маселелерин улап, кээ бир мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акысы 3000 сом болсо, кээ бирлериники 60 миң сом экенин, эмгек маяналардын көлөмүндөгү мындай чоң айырмачылыктарды иликтеп, теңдештерүү зарылдыгын аткаруу бийлигине багыттады.

“Биз дагы тармактык комитетте маяналарды теңдештерүү маселесин дыкат карап чыгышыбыз керек”,- дейт депутат.

Депутат Кенжебек Бокоев суу чарба инженерлеринин айлыктары 4-6 миң сом экенине токтолуп, алар кантип жан сактап жатат деген суроону кабыргасынан койду.

“Маселен, суу сактагычтарда коңшу мамлекеттер үчүн 90% суу топтоп берген суу чарба кызматкерлеринин айлыгы эмне үчүн 5 миң сом айлык болушу керек?”,- дейт.

“Суу чарба кызматкерлеринин алган айлыгы жогорудагыдай болгону менен алардын жоопкерчилиги канча?!”,— деген депутат Мирлан Бакиров КР Өкмөтүнөн 2019-жылдын бюджетинен суу чарба кызматкерлеринин эмгек акыларын көтөрүүгө каражат кароону талап кылды.

Каражат бөлүү маселесине келгенде эле республикалык бюджеттин чамасы чак экени айтылат. Депутат Аалы Карашев бюджеттин киреше бөлүгүн толтурууда бир катар мүмкүнчүлүктөр пайдаланылбай жатканына токтолуп: “Маселен, товарларды маркалоодон канча каражат төшөт эле. Бул жаатта бир дагы пилоттук долбоор иштелип чыгып, аткарылган жок”,- дейт.