Атамбаев: Кыргызстан дүйнөлүк саясатта өз алдынча, жооптуу чечимдерди кабыл ала алаарын көрсөттү

Автор -

«Кыргызстан дүйнөлүк саясатта өз алдынча, жооптуу чечимдерди кабыл ала алаарын көрсөттү», — деп билдирди Алмазбек Атамбаев Москва шаарында өтүп жаткан Азия өлкөлөрүнүн Эл аралык конференциясынын Х  Башкы Ассамблеясында.

Алдыңкы азиялык, африкалык жана латын америкалык партиялардын лидерлери жана өкүлдөрү эл аралык курч кырдаалды, экстремизм менен күрөшүү жана партиялар аралык кызматташтык маселелерин талкууга алуу үчүн чогулушкан. Муну менен бирге  мамлекеттердин ички иштерине кийлигишпөө маселелери боюнча да тегерек үстөл талкуусу катарлаш жүрүүдө.

Өз сөзүндө  Алмазбек Атамбаев эл аралык курч кырдаалды басаңдатуу саясатын саясий субъект болуп саналган мамлекет гана жүргүзө алаарын белгиледи. Экс-президенттин айтымында дүйнөлүк саясаттагы субъективдүүлүктү сактап калуу милдети, алтургай, ири державалар үчүн да татаалдашып барууда. Кыргызстан сыяктуу кичинекей өлкөлөр үчүн бул андан бетер көйгөйлүү.

“Бизге адамзат өткөн кылымда башынан өткөргөн чыр-чатактардан улам азап менен сактап калган баалуулуктарга негизделип курулган көп уюлдуу дүйнө керек. Бул социалдык багыттагы мамлекет, бул жакырчылыктан (айта жүргөн “миллиарддык” чек үчүн гана эмес, бардык элдер үчүн) арылган, улуттар аралык жана конфессиялар  аралык чыр-чатактардан эркин дүйнө жана анда башкы нерсе – күчтүн укугу эмес, жалпы таанылган эл аралык укуктук нормалар болууга тийиш. Бул максаттарга жетиш үчүн Кыргызстандын социал-демократтары дүйнөдөгү бардык саясий партиялар менен кызматташууга даяр”, — деди Алмазбек Атамбаев.

Азия өлкөлөрүнүн Эл аралык Х Башкы Ассамблеясынын ишине  алдыңкы азиялык, африкалык жана латын америкалык партиялардын 400гө жакын өкүлдөрү катышууда.

Бөлүшүү