Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча сунушту 40тан ашуун депутат колдоду

Автор -

Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча сунушту Жогорку Кеңеште 40тан ашуун депутат колдоду. Бул тууралуу депутат Канатбек Исаев төрага Дастанбек Жумабековго кайрылып жатып билдирди:

— Экс-президенттин кол тийбестигин алуу тууралуу биз көтөргөн жанагы маселе боюнча 40тан ашык добуш топтолду. Мен расмий түрдө тапшырам, сиз тиешелүү комитетке жөнөтсөңүз.

Кечээ, 12-июнда парламенттин жалпы жыйынында депутаттар Канатбек Исаев, Талант Мамытов жана төрага Дастанбек Жумабеков мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ишмердүүлүгүн жана соңку билдирүүлөрүн кескин сындап, ага тиешелүү баа берүүгө үндөшкөн.

Атамбаев Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган. Өзү парламенттеги бүгүнкү демилгеге комментарий бере элек. 8-июнда ал Бишкекте өткөн митингде өзүн актап, азыркы бийликти сындаган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү