Алмазбек Атамбаев Кыргызстанга кайтып келди. Бул тууралуу КСДП партиясынын басма сөз кызматкери Кундуз Жолдубаева маалымдады.
Маалыматка ылайык, Москвада өткөн Азия, Африка жана Латын Америка өлкөлөрүнүн саясий партияларынын эл аралык жыйынына катышкан соң, Алмазбек Атамбаев баш болгон КСДП партиясынын делегациясы Бишкекке келди.