Бишкекте үч унаа кагышып, кырсыктын кесепетинен 7 адам жабыркады

Автор -

Бишкекте үч унаа кагышып, кырсыктын кесепетинен 7 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 31-октябрь күнү  саат 23:20 чамасында Абдрахманов жана Баялинов көчөлөрүнүн кесилишинде “Дэу Матиз”, “Мерседес-Бенц” жана “Хонда Фит” үлгүсүндөгү унаалар  кагышкан.

Кырсыктын кесепетинен 7 адам жабыркаган. Алардын 4 эркек жана 3 аял киши.

КР ӨКМнин Бишкек шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары “Дэу Матиз” үлгүсүндөгү унаанын ичине кыпчылып калган  жүргүнчүнү алып чыгышып тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Жабыркагандарга тез жардам кызматкерлери биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, №4 ооруканага алып кетишкен.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү