Муфтият: Ажылык сапарга бара тургандар биометрикалык паспорт аркылуу катталышат

Автор -

«2019-жылы ажылыкка барууну каалагандарды каттоо бир гана биометрикалык паспорт менен жүргүзүлөт»,-деп билдирди муфтияттын басма сөз кызматы .

Маалыматка ылайык, Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгы 2019-жылдагы ажылык иштерине даярдыктарды көрө баштады.

“Ажылык иштерин электрондоштуруу максатында биометрикалык паспорт колдонуу замандын талабы болууда. Ага ылайык, 2019-жылдан тарта ажылык сапарына барууну каалаган жарандарга биометрикалык паспорттун негизинде каттоо жүрө тургандыгын эскертип, биометрикалык паспорт алууга чакырабыз”, — деп айтылат маалыматта.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү